• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров жана Дүйнөлүк бажы уюмунун баш катчысы бажыны санариптештирүү маселесин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк бажы уюмунун баш катчысы Кунио Микурия менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы бажы тармагында IT-технологияларды ишке киргизүү жана аны өнүктүрүүгө чоң маани берет.

«Учурда биз бажыда DATA-аналитиканы кошо алганда, IT-технологияларды активдүү киргизүүдөбүз. Муну эске алуу менен бизге натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштөөгө жөндөмдүү заманбап программалык камсыздоо зарыл. Бул абдан маанилүү, себеби, товарды бажылык тариздөө канчалык тез ишке ашырылса, товар буйрутма берүүчүгө ошончолук ыкчам жеткирилиет», - деп белгиледи ал.

Дүйнөлүк бажы уюмунун баш катчысы Кунио Микурия министрлер кабинети тарабынан бажы процедураларын санариптештирүү боюнча кабыл алынып жаткан чараларды колдоого алды.

«Кыргыз Республикасы коюлган милдеттерди ишке ашыра алат деп ишенем. Ошол эле учурда бизнестин бажы кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү маселесине басым жасоо зарыл. Бардык тараптар тыгыз аракеттенүүдө иш алып баруусу тийиш», - деди Кунио Микурия.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ар кыл мамлекеттердин бажы органдарынын бири-бири менен өз-ара аракеттешүүсү, экспорттун/импорттун эсепке алуу методологиясын унификациялоо, Кыргыз Республикасын Кытайды жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттерин Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрү менен байланыштыруучу ири транзиттик хаб катары өнүктүрүү жаатындагы маселелер тутумун талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий