• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Акылбек Жапаров жана Казакстандын президенти бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына жумушчу сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер Кабинетинин башчысы эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздук мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи.

Ал маалымдагандай, алдыда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгынын урматына бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.

Казакстан Республикасынын пПрезиденти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасын парламенттик шайлоолордун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады жана бир тууган өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү келечегин белгиледи.

Андан соң тараптар энергетика, айыл чарба жана инвестиция тармагындагы кызматташуунун бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын жарандарынын чек арадан өтүү маселеси талкууланды.

«Коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө паспортун эки өлкөнүн өз ара таануусун эске алып, Кыргыз Республикасынын эмдөөдөн өткөн жарандары үчүн Казакстан Республикасынын чек араларын ачууга көмөктөшүүнү өтүнөм», - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий