• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров жана Кытай элчиси стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 08.07.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Кытайдын элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Өзгөчө басым айланма Чүй каналын жана «Түндүк-Түштүк» альтернативдик автожолунун курулушунун алкагында кар көчкүдөн коргоочу курулуштарды куруу сыяктуу долбоорлорго бурулду.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Министрлер Кабинети өз алдына өлкөлөр ортосунда түзүлгөн соода потенциалын активдуу пайдалануу милдетин койду.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда энергетика жана айыл чарба тармагында чоң потенциал бар, бирок биз өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдалана албай жатабыз», - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Өз кезегинде Элчи өз ара кызыкчылык туудурган бардык долбоорлор боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

«Биргелешкен аракеттер менен биз активдүү жүрүп жаткан стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда жакшы натыйжага жетиштик. Бул иш келечекте дагы улантылат», - деп жыйынтыктады Ду Дэвэнь.

Пикир

Оставить комментарий