• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров жана мэрдин катышуусунда «Акылдуу шаар Бишкек» долбоору талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Накталай эмес эсептердин үлүшүн олуттуу түрдө көбөйтүү үчүн инфраструктураны түзүү зарыл. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясынын борборду өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешмесинде билдирди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чаранын жүрүшүндө «Акылдуу шаар Бишкек» долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы шаарды натыйжалуу башкарууну камсыздоо, анын ичинде транспорттук, турак-жай-коммуналдык жана башка маселелерди чечүү максатында инновациялык технологияларды ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен биргеликте «Алтын-Ордо» жаңы конушундагы мектептин курулушу, №20 мектептин имараты жана кошумча курулушу, ошондой эле №10 мектепти оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы окуу жайлардагы оңдоо-куруу иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды.

«Алтын-Ордо» жаңы конушундагы мектеп 480 окуучуга эсептелген. Окуу имараты негизги жана көмөкчү жайлардын бардык комплектилери (окуу класстары, ашкана, актовый зал, санитардык түйүндөр, спорт залы ж.б.) менен долбоорлонгон. Сметалык наркы 210 251,8 миң сомду түзөт.

№20 мектептин кошумча окуу корпусу 500 окуучуга ылайыкталган. Имарат спорт аянтчалары менен (футбол, волейбол, баскетбол, воркаут) долбоорлонгон. Сметалык наркы 346 977,8 миң сомду түзөт.

Ал эми 640 окуучуга эсептелген №10 мектептин капиталдык оңдоо иштеринин сметалык наркы 83 299,6 миң сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий