• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров жана Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты жашыл экономиканы өнүктүрүү маселесин талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын климаттын өзгөрүүсү маселеси боюнча кеңешчиси, дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын лауреаты Рае Квон Чунг менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынды ачып жатып, Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатында Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташууну бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

«Климаттын өзгөрүшү адамзаттын келечеги үчүн олуттуу коркунуч болуп саналат. Климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында дүйнө жүзүндө мөңгүлөрдүн эриши жана жок болушу, суу ресурстарынын азайышы, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү, кургакчылыктын жана өзгөчө кырдаалдардын санынын көбөйүшү сыяктуу терс кесепеттер байкалууда. Климаттын өзгөрүшүнүн мындай терс таасирлеринин көбү жалпы аймагынын 90%дан ашыгын тоолор ээлеген географиялык жайгашуусуна байланыштуу климаттык өзгөрүүгө дуушар болгон өлкөлөрдүн катарына кирген биздин өлкөдө да байкалууда», - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, 2030-жылга карата Кыргыз Республикасы парник газдарынын бөлүнүп чыгуусун 44% кыскартуу максатын коюуда.

«Биз электр энергиясынын дээрлик 90%ын ГЭСтер аркылуу өндүрөбүз, өлкөнүн калкыныны жарымынан көбү айыл чарбасы менен алектенет. Буга байланыштуу мөңгүлөрдүн эриши жана Борбордук Азия чөлкөмүнүн суу ресурстарынын жарымына жакынын түзгөн суу ресурстарынын азайышы өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Кыргыз Республикасы үчүн БУУнун алкагында Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүү жана тоо токойлорун өнүктүрүү боюнча атайын программаны иштеп чыгуу, ошондой эле өлкөдө мөңгүлөрдү коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү», – деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын кеңешчиси Рае Квон Чунг келечек жашыл энергияны колдонууда жатат деп белгиледи.

«Бизде өндүрүлгөн электр энергиясын андан ары башка өлкөлөргө экспорттоо менен Борбор Азия аймагында күн жана шамал энергиясын өнүктүрүү долбоору бар. Мындай долбоорду ишке ашыруу аймакты кандайдыр бир энергетикалык хабга айландырууга мүмкүндүк берет. Корея Республикасында жашыл электр энергиясына суроо-талап жогору. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Корея Республикасына энергияны экспорттоону жайгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Кыргыз Республикасы үчүн калкты жана ишканаларды жашыл экономиканын компоненттерин колдонууга активдүү өтүүгө түрткү берүүчү экономикалык рычагдарды өнүктүрүү да маанилүү. Бул абдан маанилүү», - деди Рае Квон Чунг.

Жолугушууда экологиялык тең салмактуулукту сактоо жана климаттын глобалдык өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн биздин республика жана дүйнөнүн башка өлкөлөрү кабыл алууга тийиш болгон мындан аркы кадамдар тууралуу мазмундуу жана терең пикир алмашуу болду.

Маалымат үчүн: Рае Квон Чунг Түштүк Кореяда төрөлгөн. Джорджтаун университетинин бүтүрүүчүсү.

1990-жылдардын башынан бери окумуштуу экология жана климаттын өзгөрүшү маселелери менен алектенет. Ал 1992-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Жер саммитинин активдүү катышуучусу болгон.

Рае Квон Чунг - климаттын өзгөрүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы эксперттердин бири жана парник газдарын бөлүп чыгарууну кыскартуу менен экономиканы өнүктүрүү идеясына негизделген "жашыл өсүү" концепциясынын негиздөөчүсү. 2007-жылы Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобунун мүчөсү катары ал "Адамзаттын иш-аракеттеринен улам климаттын өзгөрүшү жөнүндө билимдерди топтоо жана жайылтуу аракети үчүн" дүйнөлүк Нобель сыйлыгына татыктуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий