• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары менен кызматташтыкты талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун алкагында жолугушу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров белгилегендей, россиялык тарап салттуу түрдө форумду жогорку деңгээлде уюштурду, ал экономикалык кызматташуунун эң актуалдуу аспектилери боюнча кадыр-барктуу эл аралык пикир алышуу аянтчасына айланган.

«Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана соода жүгүртүү көлөмү боюнча биринчи орунда турат. Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында өз ара соода жүгүртүү 573,1 млн долларды түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,4%га өскөн. Биз соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз», - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле фискалдаштыруу маселелеринде техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн россиялык тарапка ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Алексей Оверчук соода-экономикалык, транспорт жана энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун жана интеграциялык бирикменин алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий