• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров жер амнистиясына түшкөн тилкелердин документтерин кароо мөөнөтүн кыскартууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын имаратына жерлерди трансформациялоо маселеси боюнча келген Чүй облусунун Военно-Антоновка айылынын тургундарын кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө белгилүү болгондой, жарандар жерге мунапыс берүү жөнүндө жободо белгиленген мөөнөттөргө нааразы, ага ылайык, жер участогуна болгон менчик маселелерин чечүү үчүн 3 ай убакыт керектелет.

Министрлер кабинетинин төрагасы жарандардын пикирин жана нааразычылыгын угуп, Айыл чарба министрлигине жер тилкелерине документтерди белгилөө мөөнөтүн кыскартуу бөлүгүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды.

«Эл бекерчиликтен митингге чыкпайт. Бул жергиликтүү бийлик органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын аракетсиздигинен улам келип чыгат. Бирок биз ар дайым элдин үнүн угуп, элдин нааразычылыгын жаратпай турган чечимдерди кабыл алабыз», - деди Акылбек Жапаров жана жер амнистиясына түшкөн жер тилкелерине үй курууга укук белгилөөчү документтерди алуу механизмин жөнөкөйлөштүрүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий