• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров Жер ресурстары кызматынын кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын кызматкерлерин жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, куттуктоодо төмөнкүлөр айтылат:

Жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография системасынын кызматкерлерин жана ардагерлерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Учурда жерге жайгаштыруу кызматына өлкөнүн жер ресурстарын натыйжалуу башкаруу боюнча чоң жана жооптуу иш жүктөлгөн.

Стратегиялык артыкчылык болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук мейкиндиктик маалыматтар инфратүзүмүн түзүү саналат. Жарандардын мыйзамсыз курулган жеке турак жайларынын маселелерин чечүү жана айыл чарба багытындагы жерлерди тактоо, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын ишине катышуу боюнча дагы бир топ чоң иштер алдыда турат.

Жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндө маалыматтык жана геомаалыматтык технологияларды өнүктүрүү да мезгил талабы болуп саналат.

Көптөгөн министрликтер жана ведомстволор менен өз ара аракеттенүүчү «Автоматташтырылган каттоо системасы», «Бирдиктүү маалымат системасы», «Дарек реестри», «Даректик реестрдин геомаалыматтык системасы» сыяктуу маалыматтык системалар ишке киргизилди.

Ийгиликтүү реформалардын натыйжасында Кыргызстан «Бизнести жүргүзүү» (Doing Business) эл аралык рейтингинде мүлктү каттоо көрсөткүчү боюнча дүйнөдөгү 190 өлкөнүн ичинен 7-орунда турат.

Бул аралык жыйынтык эмес жана жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография системасын өркүндөтүү боюнча иштер улантылат деп ишенем.

Ушул майрам күнү баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, тынчтык жана бакубатчылык, ошондой эле жаңы кесиптик ийгиликтерди каалайм!

Пикир

Оставить комментарий