• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликтин жакынкы келечектеги артыкчылыктуу милдеттерин белгиледи

Өкмөт 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинин жүрүшүндө бийликтин жакынкы келечектеги артыкчылыктуу милдеттерин белгиледи. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Акылбек Жапаров бүгүнкү күндө актуалдуу саналган мал-жандыктарды сертификациялоо демилгесин эске салды.

«Белгилүү болгондой, учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка мамлекеттерге сертификатталбаган бир дагы жүк жөнөтүлбөйт. Айыл чарба министрлиги малды идентификациялоо процессин 2022-жылдын 2-кварталына чейин жыйынтыкташы керек. Бул маселе өзгөчө көзөмөлдө», – деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Ошондой эле Акылбек Жапаров мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо процесси үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү жана 2022-жылдын 1-кварталынын соңуна чейин анын жалпы наркын аныктоо зарылдыгын айтты.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин башчысынын айтымында, дагы бир маанилүү тапшырма – мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды жөнөкөйлөтүү, ал мүмкүн болушунча жалпыга ачык жана ыңгайлуу болушу керек. Бул процесс 2022-жылдын 1-январына чейин жыйынтыкталышы тийиш.

Акылбек Жапаров дагы бир артыкчылыктуу милдетти – тазалыкты жана тартипти орнотуу керектигин баса белгиледи.

«Бардык жерде таштандылар, желим баштыктардын калдыктары жатат. Башка өлкөлөрдө, мисалы Сингапурда, адамдар таштандыны каалаган жерге таштабайт: бардык көчөлөр таза жана жашыл. Шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары ишенилген аймакта, коомдук жайларда тартип үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. Тартипке келтирүү, жашылдандыруу маселелери – сиздердин компетенцияңыздарга кирет. Бул маселени чечүү үчүн жазды күтүүнүн кажети жок», – дей айтты ал.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы парламенттик шайлоо учурунда административдик ресурсту колдонууга жол берилбестигин, тактап айтканда, үгүт иштерине мугалимдерди, медицина кызматкерлерин жана бюджеттик чөйрөнүн башка өкүлдөрүн тартпоону эске салды.

Пикир

Оставить комментарий