• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасына борбордогу жолдорду, мектептерди куруу пландары тууралуу айтып беришти

Өкмөт 0

Бишкек, 08.01.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясында жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө борбордун мэри Айбек Жунушалиев маалымдагандай, үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттин эсебинен – 15 мектепти, анын ичинде иштеп жаткан мектептерге кошумча окуу корпустарын куруу сунушталууда.

Акылбек Жапаров белгилегендей, президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин алдына үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата Бишкек шаарындагы мектептерди куруу боюнча маселелерди чечүү милдетин койгон.

«Бул милдет өз мөөнөтүндө аткарылышы керек. Балдар заманбап мектептерде, эртеңки күндүн талабына жооп берген мектептерде окушу тийиш. Бул окуу жайларда сапаттуу билим алышып, өлкө келечегин түзгөн муун калыптанышы керек. Мектептик билим берүүнүн деңгээлин жана сапатын жогорулатуу маанилүү», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Ошондой эле, эки автожолдун жана сквердин курулушу боюнча долбоорлор сунушталды.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий