• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаровго Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун 34 долбоору сунушталды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому 34 долбоорду сунуштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Уюмдун президенти Елена Калашникова фонддун 2022-жылга карата пландары тууралуу айтып берди.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы 34 долбоор ишке киргизилет, анын ичинде 10 инфраструктуралык долбоор, 9 маалыматтык долбоор, ошондой эле туризм секторунун тутумун түзүү боюнча долбоорлор, ата мекендик туризм индустриясын жакшыртууга жана тармакка инвестиция тартууга багытталган ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлор бар.

Белгилей кетсек, уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзгөн «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондун түзүү жөнүндө» чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий