• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Акылдуу шаар” долбоору сынамык негизде жакынкы убакта ишке кирет – Исаков

Өкмөт 0

Бишкек, 02.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КР өкмөтү сынамык негизде “Акылдуу шаар” долбоорун жакынкы күндөрү ишке киргизет. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков Экинчи Улуттук “Кыргыз Республикасындагы биргелешкен коопсуздук жана кылмыштуулуктун алдын алуу саясаты” конференциясынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, жол коопсуздугу маселесине артыкчылыктуу көңүл бурулууда. “Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өкмөт тарабынан комплекстүү иш-чаралардын планы бекитилди. Премьер-министрлер башкарган комиссиянын курамы жаңыланды. Административдик кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча иштер жүрүүдө, жогорку ылдамдыкта бараткан, токтоо белгисине, жол чыракка маани бербей өтүп кеткендерге катуу жаза колдонуу боюнча”,-деп билдирди ал.

Исаков кошумчалагандай, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуудагы керектүү элементтер катары – заманбап технологияларды киргизүү жана жол эрежелерин бузгандар үчүн документтерди жол-жоболоштурууда адамдык факторлорду азайтуу саналат.

“Таза коомдун” алкагында жүргүзүлүп жаткан “Акылдуу шаар” долбоору абалды түп-тамыры менен өзгөртүүгө түрткү болот деп ишенем. Өзгөчө белгилеп кетким келет, “Акылдуу шаар” программасын аягына чейин чыгаруу менин ишимдин маанилүү багыттарынан болуп саналат. Биздин команда бул ишти аягына чейин чыгарат деп айткым келет. Бүгүнкү күндө суроолор абдан көп, жолдордо эмне болуп жаткандыгын коом дыкат көзөмөлдөп турат. Бул абдан маанилүү. Учурда жолдо адамдар каза болуп жатышат. Жаңылыктардан тигил же бул жерде адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды же болбосо баланын бутун кесип салышты дегендерди окуганда жүрөгүн тилинет”,-деп билдирди ал.

Исаков билдиргендей, өкмөт “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууда анын рентабелдүүлүгүнө көңүл бурбайт деп билдирди. Анын айтымында, биринчи кезекте жарандардын коопсуздугун камсыз кылыш керек.

“Ошондуктан жакынкы күндөрү долбоор сынамык режимде ишке кирет. Эмки жумада өкмөт “Акылдуу шаар” долбоорунун курулуш концепциясын коомдук угууга коёт. Бул концепция Huawei компаниясы үчүн техникалык тапшырма болот. Биз кол койгон келишим күчүнө кире элек. Ал техникалык тапшырманы даярдагандан кийин күчүнө кирет, анын негизинде техника-экономикалык негиздеме жана долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгат. Бул материалдар даярдалганга чейин биз долбоорду сынамык режимде ишке киргизебиз”,-деп кошумчалады өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий