• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Акылдуу шаар» долбоору үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн бюджетке 59 млн сомдон ашуун каражат кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. КР Башкы прокуратурасы тарабынан Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде (МТБМК) «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин II этабын ишке ашыруу алкагында кызмат кɵрсɵтүүлɵрдү сатып алууда мыйзамдардын талаптарын аткаруу боюнча текшерүү жүргүзүлгɵн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө МТБМКнын сынактык комиссиясы 2019-жылдын 23-августунда баа боюнча сунуштарын жана сынактык табыштамаларды ачуу учурунда КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар жɵнүндɵ» мыйзамынын 29-беренесинин 6-бөлүгүн бузуу менен квалификациялык талаптарга жооп бербеген «Ш.С.И. ко» компаниясын сынактын жеңүүчүсү деп мыйзамсыз тапкан.

Ал эми демпинг бааны сунуштаган «Ш.С.И. ко» компаниясы КРнын мамлекеттик сатып алуулар жɵнүндɵ мыйзамынын талаптарына ылайык келишимди аткаруунун кепилдик камсыздоону киргизбегендиги аныкталган. Сынактын шарттарын жана мамлекеттик сатып алуулар жɵнүндɵ мыйзамдын талаптарын бузуу менен, кепилдик камсыздоосу жана демпингге каршы чаралары жок болсо да МТБМКнын кызмат адамдары менен аталган компаниянын ортосунда республиканын аймагынын 306 участогунда транспорттук агым тууралуу автоматтык түрдɵ маалымат берүү боюнча жабдууларды орнотуу жана аларды тейлɵɵ үчүн суммасы 2 млрд 654 млн сомго келишим түзүлгɵн. Бирок, 1 983 956 214 сом демпинг бааны сунуштаган «Ш.С.И. ко» компаниясы КРнын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуу менен келишимдеги көрсөтүлгөн 265 513 582 сом кепилдик камсыздоосун өз убагында киргизген эмес.

МТБМКнын кызмат адамдары тарабынан тендер ɵткɵрүүнүн тартиби бузулган жана мыйзамга ылайык келбеген аракеттеринин жыйынтыгында мамлекетке 2 249 469 796 сом суммасында зыян келтирген «Ш.С.И. ко» компаниясы сынактын жеңүүчүсү болуп тандалган.

Ушул күнгɵ чейин компания тарабынан келишимде көрсөтүлгөн милдеттер так аткарылбай, мамлекеттик сатып алуулар келишиминин жана демпингге каршы чаралардын кепилдик камсыздоосу боюнча банктык кепилдиктердин суммасын тɵлɵтүп алуу үчүн МТБМКнын кызмат адамдары тарабынан ɵз убагында тийиштүү чаралар кɵрүлбɵгɵндүгү аныкталган.

Натыйжада республикабыздын 306 участогунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздай турган «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин II этабын ишке ашыруу үзгүлтүккɵ учураган.

Келишимдин шарты боюнча аткаруучу тарабынан өзүнө алган милдеттемелерди мөөнөтүнөн кечиктирген учурда ар бир күнгө айыппул кармала тургандыгы көрсөтүлгөн. Бирок МТБМК тарабынан айыппул санкциясын кармоо боюнча эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура тарабынан «Ш.С.И. ко» компаниясына келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарбагандыгы үчүн айыппул санкциясы боюнча МТБМКна прокурордук чара көрүү актысы (талап) киргизилип, жыйынтыгында республикалык бюджетке 59 млн 331 миң 660 сом акча каражаты которулган.

Чогулган материалдар 2020-жылдын 3-ноябрында КР ЖКнын 234-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1,2-пункттары, 320-беренесинин 2-бөлүгү менен КЖБРге катталып, тергөө амалдарын уюштуруу жагы Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырылып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий