• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылдуу шаар долбоорун ишке ашыруу келишимине кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 4-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте бүгүн мэрия менен Жогорку урбанистика мектебинин ортосунда кызматташуу боюнча келишимине кол коюлду. Бул келишим “Таза коом” долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Келишимге мэр Албек Ибраимов менен жогорку урбанистика мектебинин директору Винсент Гуаярт кол коюшту. Ошондой эле, жолугушууда тараптар жогорку урбанистикалык мектеп менен Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Славян университетинин ортосунда келишимге кол коюлду.

Келишимге ылайык, шаар мэриясы акылдуу шаарды ишке ашырууда практикалык базага ээ болот. Ал эми Кыргыз-Славян университетинин студенттери Европанын алдыңкы архитектура борборлорунда стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн алышат.

Пикир

Оставить комментарий