• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Акылдуу шаар” долбоорунун инвестору “Мегакомду” сатып алууга ниеттенүүдө

Экономика 0

Бишкек, 19.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Акылдуу шаар” долбоорунун инвесторлорунун бири “Ака минералз энд майнинг” ЖЧКсы “Мегакомду” сатып алууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.

Анын айтымында, күн мурун ага компаниянын жетекчисинен арыз түшкөн. “Биз катты “Мегакомго” жөнөтүп койдук. Алар өз кезегинде имаратка чакырышып, компанияны презентация кылды”,-деп билдирди ал.

Түлөбердиев билдиргендей, 2018-жылдын 2-мартында компаниянын кайрадан баалоонун акыркы күнү аяктайт.

“Кийин “Мегакомду” кайрадан сатуу маселеси чыкса, баа кайрадан коюлат. Баасы өзгөрүлөбү жокбу эч ким билбейт”,-деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, “Ака минералз энд майнинг” ЖЧКсы “Акылдуу шаар” долбоорунун инвесторлорунун бири болуп саналат. КР өкмөтү менен кол коюлган келишимге ылайык, компания долбоорго 9 млн доллар салып жана түшкөн кирешенин 15% ээ болот.

Пикир

Оставить комментарий