• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акын Бурулкан Карагулованын «Көздөгү жалын» аттуу поэзия кечеси өтөт

Маданият 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын Бурулкан Карагулованын чыгармачылыгына арналат. “Көздөгү жалын” деп аталган бул поэзия кечеси 2017-жылдын 17-февралында саат 17.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын кичи залында өтөт. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Бурулкан Карагулова - 1957-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндө туулган. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” Ардак Дипломунун ээси.

Өзүнүн эмгек жолунда Б.Карагулова “Адабият” басмасында, “Чүй баяны”, “Ордо”, “Агым” гезиттеринде иштеген. Окурмандар тарабынан кызуу кабыл алынып, ар кандай талкууну жана талаш-тартыштарды пайда кылган көптөгөн курч макалалардын автору.

Бүгүнкү күндө коомдук иштерге активдүү катышып, “Кыздар ай”, “Балдар ай” адабий-чыгармачылык бирикмелерин негиздеп, жетектеп келүүдө.

Акындын биринчи ырлар жыйнагы - “Кыял кемеси” 1989-жылы жарык көргөн. Чыгармачылыкта дыйкан сымал тынбай тер төккөн акындын андан кийин ”Көкүрөгүң жыттап алдым билгизбей”(1995),”Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө”(2005),”Селсаяк” (2007),”Токтогул көлү – көз жашым”(2008), ”Бул дүйнө көркү чыгат сүйүү менен”,”Мен сүйүүнүн доктору” , “Көздөгү жалын”( 2016) китептери жарык көргөн. “Лирикалар” жыйнагы (“Улуу Тоолор” басмаканасында басууга даярдалып жатат).

Б.Карагулованын ырлары өзүнүн лирикалуулугу, тереӊдиги жана ачыктыгы менен айырмаланат. Анын китептери бир нече ирет кайталанып басылган. “Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө” китеби 10миӊден ашуун нускада жарык көргөн.

Кеченин жүрүшүндө акын ырларын окуп берет, анын сөзүнө жазылган ырлар ырдалат.

Иш-чараны белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барат.

Пикир

Оставить комментарий