• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акын Гүлжамила Шакирова “Беш акын” теледолбоорунун биринчи кечесинин жеңүүчүсү аталды

Маданият 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. ТҮРКСОЙ тарабынан демилгеленип, Кыргыз улуттук жазуучулар союзу жана ЭлТР мамлекеттик телерадио берүүлөр компаниясы тарабынан колдоого алынган “Беш акын” теледолбоорунун 2017-жылдагы Биринчи кечеси Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин билдирди.

Ал билдиргендей, кечеде акындар Абдилаат Дооров, Керез Зарлыкова, Калбүбү Сариева, Гүлжамила Шакирова, Абдыжапар Эгембердиев ат салышышты.

Жыйынтыгында эң көп упайга ээ болгон акын Гүлжамила Шакирова жеңүүчү деп табылды.Бул тууралу Кыргыз улуттук жазуучулар союзунан маалымдашты.

Кеченин ачылыш салтанатында Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов, ЭлТРдин директору Айбек Мусаев сөз сүйлөшүп, 2015-жылы КТРК аркылуу жумурай-журтка белгилүү болгон бул теледолбоор кайрадан Кыргызстанда ЭлТР аркылуу көрсөтүлүп жатышы – кыргыз акындарынын активдүүлүгүн, кыргыз элинин поэзияга кызыгуусу жогору экендигин көрсөтөрүн баса белгилешти.

Ошондой эле, “Беш акын” теледолбоорунун 2017-жылдагы Биринчи кечесинде Кыргыз эл артиси Саламат Садыкова куттуктоо иретинде ыр ырдап, Өзбекстандык көрүнүктүү окумуштуу жана котормочу, Токтогул Сатылгановду кыргыз тилине которгон, учурда “Манас” эпосун кыргыз тилине которуп жаткан Зухриддин Исомидинов куттуктап өттү.

Маалыматка ылайык, кеченин жүрүшүндө жыл ичинде “Беш акын” теледолбоорунун беш ирет адабий-музыкалуу кечеси уюштурулат. Биринчи кечеде минтип 60 жаштан жогорку акындар ат салышса, экинчи кечеде 50-60 жаш ортосундагы акындар, үчүнчү кечеде 40-50 жаш ортосундагы акындар, төртүнчү кечеде 30-40 жаш ортосундагы акындар, бешинчи кечеде 30 жашка чейинки акындар беш тапшырма боюнча ат салышат.

Калыстар тобунун курамына Кыргыз эл акындары Кожогелди Култегин, Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл артиси Каныкей Эралиева, адабиятчы Калык Ибраимов, акындар Тынчтыкбек Нурмамбетов, Карбалас Бакиров, Атантай Акбаров, Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов кирген. ЭлТРдин кызматкери Айбек Асанбек уулу “Беш акын” теледолбоорунун туруктуу алып баруучусу.

Экинчи кечени июнь айында өткөрүү каралууда.

Пикир

Оставить комментарий