• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акыркы 14 күндүн ичинде коронавирус оорусунун 18 пайызга төмөндөшү байкалган

COVID - 19 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Акыркы 14 күндүн ичинде коронавирус оорусунун 18 пайызга төмөндөшү байкалган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкек “сары зонада”, калган бардык аймактар “жашыл зонада”.

“Оорулуулардын курактык курамы - бул улгайган адамдар, мектеп жашындагы балдар, күнүнө 2-3 учурдан бөлүнүп, алар мектепке баруу менен эмес, үйдөгү байланыштар менен байланышкан. Ал эми балдарда симптомдор пайда болгон учурда дарыгерлерге кайрылуу керек, балдарды айыкканга чейин мектепке жөнөтпөө керек. Бейтаптар тарабынан изоляция режимин сактабоо, үй-бүлөлүк очокторго алып келет жана оорулуу туугандарына, кесиптештерине, классташтарына жана башкаларга жуктуруу коркунучун туудурат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий