• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акыркы 4 жылдын ичинде чет өлкөлүктөр кыргызстандык 93 баланы багып алышты

Коом 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Акыркы 4 жылдын ичинде чет өлкөлүктөр кыргызстандык 93 баланы багып алышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын коррупцияга бөгөт коюу, социалдык сферадагы мыйзамдардын аткарылышын жана балдарды коргоону көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Талантбек уулу Нуржан Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы чет өлкөлүк жарандар 17 баланы, 2015-жылы 27, 2016-жылы 22, 2017-жылы 12 баланы багып алышкан. 2018-жылдын башынан бери 15 баланы багып алышкан. Алардын 88ин АКШнын жарандары, эки баланы Швециянын жарандары, канадалыктар 2, финляндиялыктар 1 баланы багып алышкан.

Андан сырткары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде эл аралык багып алуу тармагындагы мыйзамдын талаптарын аткаруу боюнча, ошондой эле интернат тибиндеги балдар мекемелерин аккредитациядан өткөрүү боюнча текшерүү өткөн. Анын жыйынтыгында эл аралык багып алуу тармагындагы ишмердүүлүк көптөгөн мыйзам талаптарын бузуулар менен ишке ашары аныкталган.

АКШ жарандары тарабынан багылып алынган балдарды КРнын АКШдагы жана Канададагы элчилигинде консулдук каттоого тургузуу өз убагында ишке ашпай жатканы аныкталган.

Белгилей кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө Мамлекеттик банктын ата-энесинин кароосу жок калган балдар тууралуу маалыматына ылайык, 2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 104 чет өлкөлүк жаран багып алуучулукка талапкер катары катталган.

“Талапкерлердин көрсөтүлгөн санынан балдарды багып алууга байланыштуу, тиешелүү чет өлкөлүк уюмду жок кылуу, анын ишмердүүлүгүн токтотуу, багып алуудан баш тартуу менен 34 талапкер мамлекеттик маалыматтар базасынын каттоосунан алынган. Калган 70 талапкер боюнча учурда жумуш уланууда”, - деп белгиледи Талантбек уулу Нуржан.

Пикир

Оставить комментарий