• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Акыркы 5 жылда “Манас” аэропортунун жүргүнчүлөрүнүн саны үч эсеге өстү

Коом 0

Бишкек, 3-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. “Манас” эл аралык аэропорту стратегиялык өнүгүү долбоорунун негизинде жүргүнчүлөрдүн санын үч эсеге өстүргөнгө жетишти. Бул тууралуу аталган мекеменин өкүлдөрү маалымат жыйында билдиришти.

Инвестиция жана инфраструктураны өнүктүрүү дирекциясынын башчысы Абдималик Бусурманкуловдун айтымында, акыркы беш жылда аэропорттун ишмердүүлүгү жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн. Буга жүргүнчүлөрдүн санынын өсүшү жана авиакаттамдардын жүрүшү себеп боло алат.

“Акыркы беш жылда “Манас” эл аралык аэропорту өзүнүн ишин оптимизациялаштырып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жакшыртып, алардын санын үч эсеге өстүрүүгө жетишти. Алсак, 2010-жылы жүргүнчүлөрдүн саны 1 миллионду түзсө, былтыр алардын саны 3 миллионго жеткен. Ал эми авиакаттамдардын саны 19 миңден 28 миңге чейин жеткен. Буга ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунун кирешесинин көп бөлүгү республика боюнча аэровокзалдарды кеңейтүүгө жана авиациялык түзүлүштүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн модернизациялоого жумшалууда”,- деди Бусурманкулов.

Жүргүнчүлөрдүн санынын өсүшүн аэропорттун өкүлдөрү жыл өткөн сайын өлкөнүн авиакаттамдары көп орундуу, заманбап учактар менен толукталып жатканы менен түшүндүрүштү.

Пикир

Оставить комментарий