• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акыркы 6 айдын ичинде Чүй облусунун ИИББнен 129 кызматкер иштен алынган

Коом 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында Чүй облусунун ИИББнен 129 кызматкер иштен алынган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Чүй облусунун ИИББнин башчысы Самат Курманкулов билдирди.

Анын айтымында, кызматтан алынгандардын ичинен 92 офицер жана 37 адам кенже жетекчилик курамындагылар.

“Ошондой эле жашы жетип калган 32 кызматкер, саламаттыгына байланыштуу – 1, өз каалоосу менен 72 адам, кадрларды дайындоо мөөнөтү аяктап калгандыгына байланыштуу – 4 адам, терс мотивдер боюнча – 19 милиционер”, - деп билдирди Курманкулов.

Пикир

Оставить комментарий