• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыркы алты айда 1,5 миңдей өрт катталып, 24 адам каза болгон

Кырсык 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы алты айда 1 миң 501 өрт кырсыгы катталган, - деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, өрттөн болгон материалдык чыгымдар 370 миллион сомдон ашык каражатты түздү. Өрттөн 24 адам каза таап, 32 адам жабыркаган, анын ичинде 4 жаш бала. Өрттөн 20 адамдын өмүрү сакталып калган.

Өрттөрдүн негизги себептери - отко этиятсыздык менен мамиле кылуу, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан, балдардын от менен ойноосу болгон. Өрттүн жалпы санынан 65,3% турак жай секторунда болгон.

"Жай мезгилинин башталышына байланыштуу республикада кургак чөптөр менен байланышкан, жайыт талааларында, токой чарбасынын аймактарында, турак жай секторлорунда жана башка объектилерде өрт көбөйөт. Көбүнчө кургак чөп менен байланышкан өрттөр мал өстүрүүчү айыл чарба жерлеринде, чөп кампалары, бастырмалар, сенаждар, дан өсүмдүктөрү же куураган жыгачтар өрттөнүп жатат. Кургак чөп менен байланышкан өрттүн негизги себептери, табигый мүнөздөгү учурларды эске албаганда, балдардын от менен ойноосу, таштандыларды өрттөөдө отко этиятсыз мамиле кылуу, тамеки тартууда этиятсыздыктан келип чыгууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий