• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыркы алты айдын ичинде Соцфонддун кирешеси 35 млрд 454,1 млн сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 26.08.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларына карата алдын ала маалымат боюнча, Соцфонддун кирешеси 35 млрд 454,1 млн сомду түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, түшкөн киреше 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 млрд 395,5 млн сомго көп.

“Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 21 млрд 738,9 млн сомду жана бекитилген пландан 638,9 млн сомго көп түштү. Аскер кызматкерлерине пенсиялык төлөмдөргө, жеңилдетилген пенсияларды жана пенсияларга кошумча акыларды төлөөгө, электр энергия үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнгөн каражаттар 2021-жылдын алты айында 2 млрд 433,5 млн сомго көп болду”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий