• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Акыркы беш жылда кепилденген минималдык киреше 370 сомдон 900 сомго чейин өстү – ЭСӨМ

Коом 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү миинстрлиги КРнын Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул дээрлик 4 эсе 235 сомдон 872,5 сомго чейин көбөйдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөк пулга муктаждыгын аныктай турган кепилденген минималдык кирешенин өлчөмү жыл сайын 10%дан кем эмес жогорулап келет.

2011-2016-жылдар аралыгында КМК өлчөмү 370 сомдон 900 сомго чейин жогорулаган.

берилүүчү Кепилденген минималдык кирешенин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүнүн көбөйүшү менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо критерийлерин жакшыртуу боюнча төмөнкү иштер жүрүүдө:

- айыл чарба проукдцияларына болгон азыркы бааны эске алуу менен жер үлүштөрүнөн жана короо-жай жанындагы тилкелеринен түшкөн киреше нормативдерин карап чыгуу;

- айыл чарба жаныбарларын каттоого алуу;

- автоунааларды (жеңил жана жүк ташуучу, трактор, комбайн) каттоо критерийлерин карап чыгуу;

- аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулду дайындоодо жөлөк пулдарды автоматтык түрдө белгилеген жана отчетторду түзгөн социалдык көмөк корпоративдик маалыматтык тутуму колдонулат. Бул жөлөк пулдарды белгилөөдө механикалык каталарды жоюп, коррупциянын деңгээлин төмөндөтүп, кош белгилөөлөрдүн болушун жокко чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий