• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Акыркы беттеш! Нурмагомедов Гэтжини жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 25.10.20./Кабар/. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук куру үчүн болгон беттеште Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэтжини жеңип алды.

Беттеш Абу-Дабиде UFC 254 турниринин алкагында өттү.

Нурмагомедов беттештин 2-бөлүгүндө атаандашын "треугольник" ыкмасы менен утуп алды.

Ошондой эле Хабиб Нурмагомедов өзүнүн карьерасын жыйынтыктап жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов 29 беттеш өткөрүп, 29 жолу жеңишке жетти. Ал эми Гэтжи 22 жолу атаандашын утуп, 3 жолу жеңилүү ызасын тартты.

Пикир

Оставить комментарий