• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Акыркы бир күндө өлкө боюнча 19 медкызматкер коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Акыркы бир күндө өлкө боюнча 19 медкызматкер коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде Бишкек шаарында бир медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

"Ал эми бир суткада ооруканалардан бир медкызматкер жана үй карантининен 18 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3160 учур катталды, алардын ичинен 2635 медкызматкер айыгып чыкты", - дейт ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 684тү түзөт. Алардын ичинен 40 миң 487 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий