• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыркы бир суткада өлкө аймагында 23 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Акыркы бир суткада өлкө аймагында 23 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары 8, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 3, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 27 бөлүм тартылган.

Алсак, Токмок шаарынын Гагарина көчөсүндөгү турак үйдүн короосунда 600 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кадамжай районундагы Жийделик айылында турак үйдүн короосунда жыгач устундуу шифер менен жабылган 48 чарчы метр бастырма толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Сузак районунун Күмүш-Азиз айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган 60 чарчы метр чатыры, 150 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу.

Пикир

Оставить комментарий