• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акыркы күндөрү стационарларда абал туруктуу, каза болгон учурлар катталган жок – мэрия

Ден соолук 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Бишкектеги күндүзгү жана түнкү стационарлар жарандарга медициналык жардамдарды көрсөтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Акыркы суткада күндүзгү стационарга 2 миң 638 жаран кайрылган. Алардын ичинен 1 миң 871 жаран инфузиондук терапиядан өттү, 756сы медициналык кеп-кеңештерди алса, 11 бейтап ооруканага жаткырылды.

23-июлдан 24-июлга караган түндө түнкү стационарлар 517 адамды кабыл алды. “Жалпылап айтканда, 24-июлга карата күндүзгү стационарлар 65 миң 768 адамга жардам көрсөттү. Алардын 341и ооруканага жаткырылды. 15-24-июль аралыгында үч түнкү стационар 5 миң 416 адамды кабыл алса, 18и ооруканага жаткырылды. Акыркы күндөрү стационарларда абал туруктуу, каза болгон учурлар катталган жок”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий