• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акыркы коңгуроо. Бишкекте 6 миң 980 бүтүрүүчү, анын ичинен 185 окуучу артыкчылык менен аяктоодо

Билим 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 25-майда саат 9:00дө борбор калаанын 97 жалпы билим берүү мектептеринде 6 миң 980 бүтүрүүчүсүнө арналган жыйынтыктоочу класстык-сабак болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.

"Ошондой эле Кудайбергенов мугалимдерди окуу жылынын аякташы менен куттуктап, мугалимдердин жан аябас эмгегин жана жаш муундарды тарбиялоодо жана окутууда баа жеткис салымын белгиледи", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой пандемияга байланыштуу быйылкы окуу жылы бардык окуучулар жана ата-энелер үчүн башкача болду. Борбор калаадагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө акыркы коңгуроо алгоритмдерди, бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын сакталышын эске алуу менен оффлайн режиминде башталгыч класстын окуучуларынын катышуусуз ачык асман алдында өттү.

68 мектепте 11-класстын окуучулары үчүн жыйынтыктоочу сабак оффлайн режиминде, 29 мектепте онлайн режиминде, ал эми 9-класстын окуучулары үчүн жыйынтыктоочу сабакты онлайн режиминде өткөрүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, быйыл Бишкек шаарында 6 миң 980 бүтүрүүчү, анын ичинен 185 окуучуу артыкчылык менен аяктап жатат, ал эми 9-классты 13 миң 431 окуучу аяктап, анын ичинен 377си артыкчылык күбөлүккө ээ болушат.

Пикир

Оставить комментарий