• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын облусунун аймагында дээрлик 9 миң окуучу мектепти аяктап жатат

Аймак 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-июлда Нарын облусундагы бардык орто мектептерде акыркы коңгуроо аземи салтанаттуу өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы окуу жылында Нарын облусу боюнча 5 миң 132 окуучу 9-классты, 3 миң 710 окуучу 11-классты ийгиликтүү аяктап жатат.

Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев Нарын шаарындагы М.Сыдыков атындагы №7 орто мектепте уюштурулган майрамдык иш-чарага катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.

“Урматтуу бүтүрүүчүлөр, сиздер мамлекетибиздин негизги байлыгы, үмүт-тилеги жана келечегисиздер. Өлкөбүздүн жаркын келечеги сиздердин колуңуздарда. Ошондуктан сиздер терең жана ар тараптуу билим алууга, чет тилдерди үйрөнүүгө, ар кыл заманбап кесиптик билимдерди өздөштүрүүгө, мекенчил, намыскөй инсандардан болууга милдеттүүсүздөр", - деди ал өз сөзүндө.

Салтанаттуу иш-чара каалоо-тилектер, бүтүрүүчүлөрдүн ыр-бийлери менен коштолуп, акыркы коңгуроо кагылды.

Пикир

Оставить комментарий