• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Акыркы коңгуроо. Чүйдө 650дөн ашуун милиционер коомдук тартипти көзөмөлдөөдө

Аймак 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнда окуу жылынын аякташына байланыштуу Чүй облусунун аймагындагы коомдук тартипти камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу багытында жалпысынан 650дөн ашык милиция кызматкерлери иш алып барууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында Чүй ОИИББи тарабынан ар бир район-шаарларга жетекчилер бекитилип, бүтүрүүчүлөргө автоунааларда кортеж уюштурууга, тоолорго чыгып эс алууга тыюу салынган чектөөлөрдү туура кабыл алуусун түшүндүрүүдө.

Чүй ОИИББдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан да окуучулардын коопсуздугу үчүн ар кандай профилактикалык жана рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, обулс аймагындагы кафе-ресторандарды, сейил бактарды, эс алуу жайларды көзөмөлдөө үчүн мобилдик топтор түзүлүп, укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий