• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акыркы коңгуроо күндөрү коомдук тартипке 4 миң милиция кызматкери көз салат

Коом 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо 25-майда өтөт. Тиешелүү буйрукка Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койгон.

Буйрук мектеп директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө, бүтүрүү кечелерин көңүл ачуу жайларында, кафе, ресторан жана жаратылышта өткөрүүгө акча каражаттарын чогултууга тыюу салат.

ИИМдин маалыматы боюнча, 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө арналган иш-чараларды өткөрүү учурунда милиция кызматкерлери коомдук тартипке көз салышат. Ал үчүн 4 миңге жакын милиция кызматкери тартипти сактоого тартылат.

Республиканын аймагындагы баардык билим берүү мекемелеринде салтанаттуу иш-чаралар аяктагандан кийин, коомдук эс алуу жайларда, парктарда милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш алып барышат.

Маалым болгондой, бул иш-чаралар республиканын 2262 мектебинде өтүп, ага 95 миңден ашуун 9-класстын окуучулары жана 61 миңден ашуун 11-класстын окуучулары катышат.

Пикир

Оставить комментарий