• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыркы коңгуроо салтанатына акча чогултууга тыюу салынды

Билим 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Быйыл республика боюнча акыркы коңгуроо салтанаты билим берүү мекемелеринде 2022-жылдын 9-июнунда саат 9:00до өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы коңгуроо салтанатын уюштуруу жана өткөрүүдө окуучулардан жана алардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултууга катуу тыюу салынат. Ошондой эле бул күнү мектептин айланасында ачык отту, күйүүчү, пиротехникалык жана башка травматикалык заттарды колдонууга тыюу салынат.

Окуучулар жана алардын ата-энелери акыркы коңгуроо салтанатында коопсуздук эрежелерин жана коопсуздук чараларын сактоонун зарылдыгы боюнча жол-жоболор менен таанышуусу кажет.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү укук коргоо кызматкерлери менен бирдикте окуучулардын өздүк коопсуздугун сактоону камсыздоодо ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий