• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акыркы коңгуроону өткөрүү үчүн акча чогултууга, банкет өткөрүүгө тыюу салынды

Коом 0

Бишкек. 06.05.19 /Кабар/. Мектеп директорлоруна жана мугалимдерге бүтүрүүчүлөрдөн белек алууга, көңүл ачуучу жайларда бүтүрүү кечелерин уюштурууга, акча чогултууга тыюу салынат. Буга байланыштуу буйрукка Билим берүү жана илим министри кол койгон.

Акыркы коңгуроо күнү шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарынын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт жүргүзөт.

Мындан тышкары, бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн өрт коркунучун жараткан жана ден соолугуна зыян алып келүүчү фейерверк жана башка каражаттарды колдонууга болбойт.

Буйрукту аткарбаган мектеп жетекчилерине дисциплинардык жоопкерчиликтен тартып кызмат ордунан бошотулганга чейинки чара көрүлүшү ыктымал.

Кыргызстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо 25-майда болот.

Пикир

Оставить комментарий