• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыркы маалыматтар: 1 291 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 10 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 20.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 20-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 291 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 939, Ош шаарында – 17, Чүй облусунда – 129, Ош облусунда – 21, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 15, Баткен облусунда – 74 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 242 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 867, Ош шаарында – 28, Чүй облусунда – 141, Ош облусунда – 64, Талас облусунда – 22, Нарын облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда – 55, Баткен облусунда – 32 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Баткен облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 552 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 938 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 19 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Стационардан 8, ал эми үй карантининен 18 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 6 миң 208 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 435 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 151 миң 607 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 127 миң 692 киши айыгып чыкса, 2 миң 196 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий