• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акыркы маалыматтар: 468 адамдан COVID-19 жаңы табылып, жети бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 13-августка карата коронавирус дагы 468 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 262, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 72, Ош облусунда –12, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 37, Жалал-Абад облусунда – 37, Баткен облусунда – 25 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 646 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча жети бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 283 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 668 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 171 миң 238 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 161 миң 450 киши айыгып чыкса, 2 миң 433 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий