• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыркы маалыматтар: 585 адамдан COVID-19 табылып, 6 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 21-июнга карата коронавирус дагы 585 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 353, Ош шаарында – 54, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 19, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 80, Баткен облусунда – 35 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 360 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 170, Ош шаарында – 33, Чүй облусунда – 70, Ош облусунда – 30, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 23, Баткен облусунда – 9 адам", - деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Ысык-Көл облусунда – 1, Ош облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 403 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 803 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 566 бейтаптын абалы орто оордукта, 712 адамдын абалы оор жана 101 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 114 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 761 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 115 миң 615 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 105 миң 410 киши айыгып чыкса, 1 миң 937 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий