• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыркы маалыматтар: 919 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 14 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 31-июлга карата коронавирус дагы 919 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 515, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 154, Ош облусунда – 29, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 23, Ысык-Көл облусунда – 50, Жалал-Абад облусунда – 73, Баткен облусунда – 57 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 580 адам илдеттен сакайды", - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 14 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 831 бейтап, амбулатордук түрдө 10 миң 860 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 162 миң 892 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 144 миң 564 киши айыгып чыкса, 2 миң 325 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий