• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыркы маалыматтар: 995 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 11 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 25.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 25-июлга карата коронавирус дагы 995 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 542, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда – 178, Ош облусунда – 29, Талас облусунда – 24, Нарын облусунда – 21, Ысык-Көл облусунда – 48, Жалал-Абад облусунда – 79, Баткен облусунда – 60 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 688 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 1217, Ош шаарында – 89, Чүй облусунда – 157, Ош облусунда – 29, Талас облусунда – 4, Нарын облусу нда – 2, Ысык-Көл облусунда – 45, Жалал-Абад облусунда – 73, Баткен облусунда – 72 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Талас облусунда 2, Ысык-Көл облусунда эки жана Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 180 бейтап, амбулатордук түрдө 14 миң 312 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 17 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Стационардан 9, ал эми үй карантининен 18 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 6 миң 343 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 603 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 157 миң 147 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 135 миң 132 киши айыгып чыкса, 2 миң 249 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий