• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыркы маалыматтар: Дагы 1 295 адамдан COVID-19 табылып, 10 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 109.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 10-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 295 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 788, Ош шаарында – 51, Чүй облусунда – 160, Ош облусунда – 38, Талас облусунда – 19, Нарын облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 46, Жалал-Абад облусунда – 64, Баткен облусунда – 103 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 892 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 423, Ош шаарында – 48, Чүй облусунда – 131, Ош облусунда – 86, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 33, Жалал-Абад облусунда – 107, Баткен облусунда – 52 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Чүй облусунда эки, Ош облусунда бир жана Ош шаарында бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 585 бейтап, амбулатордук түрдө 13 миң 282 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 45 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бир суткада стационардан 10, үй карантинден 15 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 5 миң 806 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 109 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 138 мин 353 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 117 миң 250 киши айыгып чыкса, 2 миң 93 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий