• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акыркы маалыматтар: Дагы 1 295 адамдан COVID-19 табылып, 9 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 11-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 295 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 761, Ош шаарында – 46, Чүй облусунда – 139, Ош облусунда – 41, Талас облусунда – 19, Нарын облусунда – 32, Ысык-Көл облусунда – 45, Жалал-Абад облусунда – 98, Баткен облусунда – 114 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 758 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 420, Ош шаарында – 84, Чүй облусунда – 95, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 79, Баткен облусунда – 22, Нарын облусунда – 10 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 8, Ош шаарында бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 636 бейтап, амбулатордук түрдө 13 миң 741 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 72 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бир суткада стационардан 7, үй карантинден 20 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 5 миң 878 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 136 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 139 мин 648 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 118 миң 8 киши айыгып чыкса, 2 миң 102 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий