• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акыркы маалыматтар. Коронавирустан 629 адам айыгып, 479 жаңы учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 27-январга карата коронавирус 479 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 289, Чүй облусунда – 101, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 16, Нарын облусунда – 2, Ош облусунда – 18, Ош шаарында – 7, Талас облусунда – 8 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 629 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1044 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 501 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 197 миң 81 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 185 миң 167 киши айыгып чыкса, 2 миң 862 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий