• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыркы он жылда эмгек мигранттары тарабынан КРга $19 млрд. ашуун каражат жөнөтүлгөн – президент

Президент 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Акыркы он жылда Кыргызстанга эмгек мигранттары жана мекендештер тарабынан 19 млрд. АКШ долларынан ашык каражат жөнөтүлгөн. Бул тууралуу мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтуусунда, салыштырмалуу түрдө ошол эле он жылдык мезгилде жалпы өлкөбүздүн экспортунун көлөмү 18 млрд. АКШ долларын түзгөн. Ал эми өлкөбүзгө келип түшкөн түз чет элдик инвестициялардын көлөмү болгону 8,3 млрд. АКШ долларын түздү.

"Башкача айтканда, сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин кошкон салымы биздин экспорт жана түз инвестициялар тармагынан дагы жогору. Ар бир мигранттын акчалай которуулары курулуш, финансы, тигүү өндүрүшү, транспорт, байланыш, соода жана кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарбасы ж.б. тармактардын өнүгүшүнө импульс болууда", - деп баса белгиледи президент.

Президент кошумчалагандай, сыртта жүргөн мекендештерибизден жана эмгек мигранттарынан келген каражат жумуш орундарын түзүп, жакырчылыкты төмөндөтүүгө жардам берүүдө. Алардын балдарынын билим алуусуна, үй-бүлө мүчөлөрүнүн башка муктаждыктарына жумшалууда.

Жээнбеков билдиргендей, акыркы убакта мекендештерибиз аймактардын өнүгүүсүнө инвестиция салууда.

"Кичи мекениндеги социалдык жана экномикалык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып баштады. Мектеп, бала бакча, көпүрөлөрдүн курулушуна көмөктөшүп, колунда жок адамдарга, жалгыз бой энелерге, жетим балдарга жардам берүүдө. Бул тажрыйба мындан ары да уланып, киндик кан тамган кичи мекениңерге жардам көрсөтө бересиңер деп ишенебиз. Бул тажрыйба региондорду өнүктүрүү боюнча иш-милдеттерди аткарууга чоң колдоо- көмөк болууда", - деди мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков азыркы күндө региондордо жергиликтүү фонддор түзүлүп жатат, деди. Бул фонддор кичи мекенин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында түзүлүп, биздин мекендештер салымын кошууда.

2018-жылдын 12 айында мекендештер жана жеригиликтүү ишкерлер тарабынан 6,1 млрд. сомго иштер жасалды.

Анын ичинен:

- 374 өндүрүш жана кайра иштетүүчү ишканалар;

- 373 социалдык объекттер курулуп, оңдолгон.

- 170 километрден ашык жол оңдолгон;

- 96 ичүүчү суу түтүктөрү оңдолуп, курулган;

- 71 ирригация түтүктөрү жасалган;

- 8 сел тосмолору курулган;

- 691 кызмат көрсөтүү боюнча ишканалар ачылган;

- 4086 жакыр үй - бүлөлөргө жана үй-шарты оор жарандарга жардам көрсөтүлгөн;

Пикир

Оставить комментарий