• 84.78
  • 96.26
  • 1.11

Акыркы сутка ичинде COVID-19 инфекциясынан 46 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Акыркы сутка ичинде COVID-19 инфекциясынан 46 адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 13, Ош шаарында 3, Чүйдө 6, Ысык-Көлдө 5, Ош облусунда 5, Баткенде 2, Жалал-Абадда 6, Таласта 2, Нарында 4 адам (пневмонияны эсепке алганда) каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 30 миң 326га жетти. Илдеттен жалпы 16 миң 791 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1169ду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий