• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыркы сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 266 изилдөө жүргүзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Акыркы сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 266 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 521 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 12 миң 498ге жетти. Алардын ичинен 5632 адам коронавирустан айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 167 адам (+7 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий