• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыркы сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 406 изилдөө жүргүзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Акыркы сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 406 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 603 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 13 миң 101ге жетти. Алардын ичинен 6096 адам коронавирустан айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 173 адам (+6 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий