• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда төрт адам коронавирустан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда төрт адам COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ал өлкө боюнча жалпы COVID-19 инфекциясынан каза болгондордун саны 92 кишини түзгөндүгүн айтты.

- Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 73 жашта);
- Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 53 жашта);
- Токмок аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 86 жашта);
- Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 41 жашта).

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-июлда дагы 314 адамда коронавирус илдети табылып, жалпы COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын саны Кыргызстан боюнча 7691 учурга жетти. Илдеттен республика боюнча 2843 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий