• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыркы суткада 143 кыргызстандык коронавирустан сакайды

COVID - 19 0

Бишкек, 13.09.20. /Кабар/. Акыркы суткада 143 кыргызстандык коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) сакайды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 59, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 6, Ош облусунда – 10, Нарын облусунда – 2, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда – 28 жана Баткен облусунда – 19 адам илдеттен сакайып чыкты.

Белгилей кетсек, 13-сентябрга карата Кыргызстан боюнча коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 40 миң 922 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий