• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акыркы суткада 70 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду. Статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 17.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 17-октябрга карата коронавирус дагы 70 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 39, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 8, Ош облусунда – 3, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 12 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 69 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 536 бейтап, амбулатордук түрдө 526 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 845 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 647 киши айыгып чыкса, 2 миң 634 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий