• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 14 адам каза тапты

COVID - 19 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 14 адам каза тапты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 2, Чүй облусунда 3, Ош шаарында бир, Нарын облусунда бир, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 4 жана Баткенде бир адам илдеттен (пневмонияны эсепке алганда) каза болду.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 35 миң 805ге жетти. Илдеттен жалпы 25 миң 526 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1378ди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий